Маргарита Симоньян ооруканадан чыкты

Симоньян "Эхо Москвы" радиостанциясынын эфирине келгенде кире бериште аны Любовь Соболь камера менен тосуп алып, ыңгайсыз абалда калтырган. Мындан улам башкы редактор ооруканага түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгер: Рысалиевдин абалы оор, инсультка кабылышы мүмкүн. Сүрөт
Эске салсак, Симоньян "Эхо Москвы" радиостанциясынын эфирине келгенде кире бериште аны Любовь Соболь камера менен тосуп алып, Москванын мэри Сергей Собяниндин "батирлерди Москвада өзүнүн кол алдындагыларга таратып жатат" деген маалыматка комментарий берүүнү талап кылган. Симоньян Соболь аны менен сүйлөшүүнү каалабагандыгын айткан. Ал эми радионун кызматкерлерине ага азыр тынчсызданууга болбостугун түшүндүрүп, Соболду алып кетүүнү суранган. Кийин Симоньян оорукана түшкөнү кабарланган.

“Мына ушундай диагноз менен үйгө жиберишти. Дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөштү, аларга рахмат. Питерден кезигем деп убадалашып койгон адамдардын баарынан кечирим сурайм", — деп жазды башкы редактор Twitter баракчасына.

​Ошондой эле ал “Эмоциялык стресстен улам боюнан козголду” деп дарыгерлердин бүтүмү жазылган документтин сүрөтүн жарыялады.