Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы гезит беттерине көз чаптырып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуяларды тизмектейт.
Кыргызстанга курал ташыгандар
Кантка бааланган өмүр
Соттолуучу жанына эки баланы ээрчитип алып кампага уурулукка кирген. Окуучуларды көчөдө күттүрүп коюп, ишкананын дубалынан секирип кирип кароолчуну бычактап өлтүрөт. Андан соң үч мүшөк кантты көтөрүп чыгып, өспүрүмдөрдүн жардамы менен аны маркумдун велосипедине жүктөп кеткен. Эртеси бычагы менен велосипедди Чоң Чүй каналына ыргытып, кантты сатып жиберген. Кийин ал укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшүп, буга чейин эки жолу соттолгон эргул фемида өкүлдөрү тарабынан өлүм жазасына тарткан.
Куралчан эргулдар
Төрт адамдан турган кылмыштуу топ борбор калаанын тургундарын курутуп келген. Куралданган жаштар күч колдонуп адамдарды көчөдө, өз үйүндө тоноп, айрымдарын көчөдө эле ит аткандай атып кете баштаган. Колго түшкөнгө чейинки алардын акыркы жортуулу топтун башчысынын атасынын үйүнө болгон. Кичинекей кезинде таштап кеткен атасынан өч алуу үчүн "достор" өз үйүндө качканга аракет кылган бүлө башчысын тынчыткан. Сот алардын анабашчысын өлүм жазасына тартса, калган үчөөнү узак жылдарга темир тор артында калтырган.
250 килограмм сымап
Төкөлдөштөгү атышуу
Бишкек шаарындагы жер үйлөрдүн биринин алдында төрт тургун автомат менен атып өлтүрүлгөн. Аларды аскердик бөлүктө иштеген офицерлер жумуштан алып чыккан үч автомат менен атканы аныкталган. Кылмышкерлердин мындай кадамга баруусуна көз жумгандардын бирөөсүнүн карызды бербей жүргөнү себеп болгон. Тергөө маалында алардын үйүнөн толгон курал-жарак табылып, кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн милиция, аскер бөлүктөрү тартылган.