Бишкекте технология, инженерия тармагындагы аялдардын форуму өтөт

Форумдун жүрүшүндө "Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары" китебинин бет ачары болот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада "STEM тармагындагы аялдар — келечектеги Кыргызстандын образы" аттуу форуму өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Форумдун жүрүшүндө "Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары" китебинин бет ачары болот.

Программист: бир-эки күндө мобилдик тиркеменин прототибин даярдаса болот
STEM (табигый илимдер, технология, инженерия жана математика) тармагы боюнча акыркы учурда кыргызстандык адис кыз-келиндер чогулуп, топ түзгөн. Алар тармакты алдыга жылдыруу, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүп жүрөт.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болчу форумга Кыргызстандын STEM чөйрөсүндөгү көрүнүктүү илимпоз айымдары, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери катышат. Андан сырткары, мамлекеттик мекемелердин, бизнес-сектордун, робот техникасы жана программа түзүү боюнча уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, аталган тармактын мүчөлөрү катышмакчы.

Отунбаеванын ишке ашырып жаткан "STEM тармагындагы айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылат.