Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу кайра өчүрүлөт. Себеби

Ысык суунун токтотулушуна "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан газ түтүктөрүн ремонттоо иштери себеп болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы 14-июнга чейин борбор калаанын айрым жерлеринде ысык сууну кайрадан өчүрүүгө аргасыз. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:

  • Патрис Лумумба көчөсү №48-110;
  • №110 бала бакча;
  • Кустанай көчөсү, №38, 40;
  • Астрахань көчөсү, №33;
  • Нарвская көчөсү;
  • Профсоюз көчөсү;
  • Сельпо көчөсү;
  • Жибек Жолу, №625.

Бишкекте таза суу көйгөйү качан чечилет. "Бишкек суу каналдын" жообу
Ысык суунун токтотулушуна "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан газ түтүктөрүн ремонттоо иштери себеп болууда.

Эске салсак, Бишкекке ысык суу 3-июндан тарта, тагыраагы, мөөнөтүнөн үч күн мурун бериле баштаган.

Шаар тургундары ысык сууга байланыштуу маселелер боюнча "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 0312 21-28-47 номерине кайрылса болот.