Көп жашоо үчүн канча убакыт эс алуу керек. Окумуштуулардын изилдөөсү

Адистер 30-60 жаштын ортосундагы 100гө чукул аялга изилдөө жүргүзүп, аларды алты күнгө мейманканада эч нерсе жасабай эс алып жатууга жиберген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Огайо университетинин (АКШ) окумуштуулары узак жашоо үчүн ири алдыда эмне керектигин изилдеп чыккандыгын "Известия" басылмасы жазды.

Адистер ден соолукту сактап жана эрте өлүмдүн алдын алуу үчүн адамдар кеминде үч жума эс алышы керектигин айтышкан.

Окумуштуулар чоң курсактан арылуунун эң оңой жолун айтышты
Окумуштуулар 30-60 жаштын ортосундагы 100гө чукул аялга изилдөө жүргүзүп, аларды алты күнгө мейманканада эч нерсе жасабай, эс алып жатууга жиберген. Эс алуудан кийин кандын анализин алып, ага кошумча, жылына үч ирет саламаттыгын жана ал-абалын сурап көзөмөлдөп турушкан.

Натыйжада ден соолукка ал тургай төрт күн катары менен эс алуу кадимкидей таасирин берери, иштебегенде стресстин деңгээли бир топ эле түшүп калары аныкталган.

Экспериментке катышкандардын абалы бир аптада кадимкидей өзгөргөн. Кооптонуу сезимдери жоголуп, иммунитет көтөрүлүп, стресске реакция кылган гендер активдешкен. Алардын канындагы картаюуну көрсөткөн биомаркерлер кадыресе кыскарган.

Окумуштуулар мындай майнаптуу көрсөткүч ондогон айларга чейин созулгандыгын белгилешти.