Ошто айт намазы борбордук аянтта окулбайт

Быйыл Орозо 6-майда башталган.
Sputnik

ОШ, 3-июн. — Sputnik. 5-июнда Ош шаарында айт намазы шаардагы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Муфтияттын маалымат кызматы Бишкек шаарынан башка аймактарда айт намазы мечиттерде боло турганын ырасташты.

Ош шаарында 76 мечит бар. Алардын бардыгы 5-июнь күнү каалоочулар үчүн ачык болот.

Баса, Бишкек шаарында боло турчу айт намазынын программасы менен да таанышып алыңыз.