Кыргызстандык инженер Англияда химия боюнча абройлуу сыйлыкка татыды

Инженер-химиктер институту жыл сайын бул тармакта ийгилик жараткан окумуштууларды сыйлап келет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Англияда өз кесибине берилип, бул тармакта ийгилик жараткан он инженер-химикти Инженер-химиктер институту (IChemE) медаль менен сыйлады.

Алардын арасында илимдин доктору, кыргызстандык Асел Сартбаева дагы бар.

IChemE өзгөчөлөнгөндөргө жыл сайын сыйлык тапшырып келет. Алардын берген баасы химия технологиясы тармагындагы эң абройлуу премия болуп саналат.

Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады
Сартбаева Хансон атындагы медалды "Вакциналар: кансыз согуштун аякташы" деген эмгеги үчүн алган.

Кыргызстандык окумуштуу өз эмгегинде вакциналарды атайын муздатуучу жабдууларсыз эле инновациялык жол менен ташыса болорун иликтеген. Сартбаева учурда Улуу Британияда жашап, Бат университетинде профессор болуп иштейт. Учурунда ал Кембридж жана Оксфорд университеттеринде эмгектенген.