Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды

Текебаев коррупция беренеси боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, былтыр Жогорку Кеңештеги комитеттердин биринин чечими менен Текебаевдин ден соолугуна баа берүү жана аны текшерип туруу боюнча медициналык комиссия түзүлгөн.

"31-майда Текебаев дарылануу жана текшерүү үчүн ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Текебаевдин иши

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.