Ошто 8-класстын окуучусун бычактап өлтүрдү делген өспүрүм камакка алынды

Шектүүгө карата иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Sputnik

ОШ, 31-май – Sputnik. Ош шаардык соту 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары кармалган 15 жашар баланын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаардык ИИБинин тергөө кызматы тарабынан КРдин Жазык кодексинин 138-беренеси менен (адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) сотко чейинки иликтөө, тергөө иштери улантылууда.

Бишкектеги окуучунун өлүмү: мэр Суракматов аткаминерлерди сынга алды
Эске салсак, 30-май күнү саат 11:00дөр чамасында Ош шаарында 8-класстын окуучусу бычакталып, облустук балдар ооруканасында көз жумган. Ал Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектептин окуучусу болгон. Кылмышка шектелип андан бир жаш улуу өспүрүм кармалган. Балдар дүкөндөн чогуу чыгып, жолдон уруша кеткен. Тергөөчүлөрдүн айтымында, улуураак бала окуучуну курч буюм менен бир нече жолу сайып жиберген.

Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов балага сайылган учтуу буюм узун болгондуктан анын бөйрөгүнө чейин кирип кеткендигин билдирди.

"Окуучу бизге 30-май күнү саат 10:35те түштү. Дароо операция бөлүмүнө алып кирдик. Учтуу буюм анын сол кабыргасынын астынан кирип, бөйрөгүнө чейин жетиптир. Ошол себептен кан көп жоготкон. Баланын кан басымы нөлгө чейин түшүп каза болду", - деди Ташболотов.

Ал эми Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектептин жетекчилиги маркум буга чейин өзү курактуу же өзүнөн улуу балдар менен талашы болбогонун билдиришти. Ал спорттун бокс түрү боюнча машыгып келген. Мектептин алдыңкы окуучуларынан болгон.

Окуучу буга чейинки окуудагы көрсөткөн жетишкендиктери үчүн сынактан бошотулган. Бирок ал классташтарын колдоп коюу үчүн мектепке келген.