25-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип жатып, былтыр чет элдик түз инвестициянын көлөмү 7,6 пайызга төмөндөп кеткенин айткан. Атүгүл ал муну "Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы көйгөй" деп түшүндүргөн.
Бирок бир нече күн мурда, тагыраагы, 27-майда, Улуттук статистика комитетинин сайтына таптакыр башкача маалымат чыкты. Анда "такталган маалыматтар боюнча инвестиция 38,1 пайызга өсүптүр" деп айтылды.
Ал эми май айынын 24үндө экономика министри Олег Панкратов өз арызы менен кызматтан кетти. Бул кадамын министр "экономикадагы кемчиликтер үчүн президент, премьер жана депутаттар тарабынан көп сын айтылгандыктан" жасаганын билдирди.
Бул окуядан үч күн өткөн соң Улуттук статистика комитети "ишканалар тактап берген маалыматты текшерип чыгып" инвестиция 7,6 пайызга (569,8 миллион доллар) азайбай эле, тескерисинче, 38,1 пайызга (851,7 миллион доллар) өскөнүн жар салды.
Мындан улам сандардын мынчалык тез өсүп кетишине коомчулук, депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине айтылган сындар себеп болгон жокпу деген суроо туулат.
Өкмөттүн эсепчилери бир нече ай мурда мынчалык чоң өсүү бар экенин эмнеге байкабай калышы мүмкүн деген суроо менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулуна кайрылдык. Ал бул нерсе мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептээрин айтты.
"Улуттук статистика комитети буга чейин алдын ала, такталбаган маалыматтарды берген. Расмий маалымат жыл сайын эле май айынын аягында, июндун башында чыгат. 851,7 миллион доллар объективдүү эле сумма. Анткени жыл сайын Кыргызстанда инвестициянын көлөмү 600-800 миллион доллардын тегерегинде болуп келет", — деди Адилбек уулу.
Анда өкмөт эмнеге алдын ала маалыматтарды жарыялап, элге жаман көрүндү?
Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, буга адистердин көпчүлүгүнүн чала сабаттуулугу себеп.
"Кыргызстанда мамлекеттик кызматтагы кризис байкалууда. Ишин мыкты өздөштүргөн адистер өкмөттүк жумушка барбайт. Биринчиден, айлыгы аз. Экинчиден, карьералык өсүштө профессионалдык эмес, башка сапаттарга артыкчылык берилет. Андыктан ал жакта чыныгы профессионалдардын саны 2 пайызга гана барабар. Демек, адистердин аздыгынан улам даярдалган документтерде каталар көп кетет", — деди Шаршеев.
Ал эми Бизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев сандардын кескин өсүшү чындап эле табышмактуу экенине токтолду.
"Эгер менин бухгалтерим эки ай мурда биздин компанияга салым кошуп жаткан тарап каражаттын көлөмүн 7,6 пайызга азайтып ийгенин айтып, эми "ой, кечирип койгула, бизде көрсө 38 пайыз өсүш болуптур, билбей калыптырмын" десе, ал жок эле дегенде жумуштан кетмек. Мен эсепчинин ишин текшерип бергиле деп тиешелүү органдарга кайрылмакмын. Муну жеке ишкананын мисалында салыштырмалуу айттым", — деди экономист.
Экономист сөзүнүн аягында "анда алдын ала айтылган, такталбаган маалыматтар" үчүн сөгүш алган жетекчилерди мындай өсүш болгон соң, тескерисинче, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керектигин айтып тамашалады.
Тамаша тамашасы менен, бирок 38 пайыздык өсүш бир ай мурда байкалбай кайда катылып жаткандыгы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Бул боюнча Улуттук статистика комитети кененирээк түшүндүрүп берет деген ойдобуз.