Сооронбай Жээнбеков Индияга учуп кетти. Андан ары Меккеге барат

Президент өлкө лидеринин инаугурация аземине катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бүгүн, 30-майда, президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент депутаттар колдогон өкмөт мүчөлөрүнүн баарын кызматка дайындады
Индияга бул өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен кеткен Жээнбековдун лидердин инаугурация аземине катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми 31-май күнү президент Сауд Аравияга учат. Бул мамлекетке король Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен барып, Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.

Саммиттин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, "Келечек үчүн бирге" чакырыгы астында өтмөкчү.