Жолдошбаев: Торугарт — Ат-Башы жолунан карасы да, агы да өтүп жатат

Депутат жолду оңдоо боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүү керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Бишкек — Нарын — Торугарт кан жолунун Ат-Башыдан ары Кытайдын чек арасына чейинки бөлүгү бузулуп, айрым жерлери үч сантиметрге чейин жарылып кеткенин айтты.

"Транспорт министрлиги былтыр булбулдай сайрап, Кытай чебин куруп бүтүрөбүз деди эле. Быйылкыга чейин эч нерсе жок", — деди депутат.

Бишкекте люктун айынан унаасы оодарылган кишиге компенсация төлөндү
Ал өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

"Бул жол - абдан керектүү жол. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Казакстанга чейин жетет. Ал жактагы бажыда агы да, карасы да турат. Бажы төлөмүн төлөгөнү да, төлөбөгөнү да өтөт. Ушуну карап бергиле", — деди Жолдошбаев.

Эл өкүлү, андан сырткары, Нарын шаарынан Ак-Талаа районуна чейинки жол дагы абдан бузулуп, аң-чөнөктөр толтурулбай, оңдолбой жатканын да белгиледи.