Кыргызстан бажы төлөмдөрүн жашырып келеби? Жээнбековдун ЕАЭБ саммитиндеги сөзү

Өлкө башчы акыркы убакта Кыргызстанды күнөөлөгөн билдирүүлөр тарап жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин саммитинде сүйлөп жатып Кыргызстандын алкагында Евразиялык экономикалык биримдиктин чек арасына үч деңгээлдүү бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуштады.

Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга чакырды
"Акыркы убакта бизди бажы төлөмдөрүн жаап-жашырууда деген кине күч алды. Биз бажы көзөмөлүнүн ачык-айкын болуусуна кызыкдарбыз. Мындан улам Евразиялык экономикалык комиссия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен үч деңгээлдүү бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуштайм", — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, жыйынтык коомчулукка жеткиликтүү болушу кажет.

"Мындай процедура бир тараптын экинчисине доомат коюуга жол бермек эмес", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков 2017-жылы "үч деңгээлдүү комиссия бардык суроолорго чекит койгонун" белгиледи.

Эскерте кетсек, саммит Нур-Султан шаарында өтүп жатат.