Бишкектеги дагы бир көчө оңдоо үчүн жабылат

Оңдоо иштери 15-июнга чейин жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 1-июндан тарта Бишкектеги Жайыл баатыр көчөсүнүн Тыналиевден Садырбаевге чейинки аралыгы оңдолот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоо иштеринин бардыгы "Бишкек шаарындагы автожолдорду калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашат.

"Аталган жолго 2007-жылы салынып жатканда бир кат гана асфальт төшөлгөн. Азыр аны жаңылап, жаракалар бүтөлөт. Андан сырткары, жол четиндеги бордюрлар алмаштырылат. Оңдоо иштери 15-июнга чейин жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Калаа башчылыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.