Бишкектиктерге ысык суу качан берилери айтылды

Ысык суу орозо маалында өчүрүлүп, шаардыктардын нааразычылыгын жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин батирлерине ысык суу кечиктирилбестен өз убагында берилет. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому билдирди.

Мэрия акы алынчу унаа жайлары каякка жайгашарын айтты. Акысы жана картасы
Белгилей кетсек, ысык суу 6-майдан 6-июнга чейин өчүрүлгөн. Бул жыл сайын кышкыга карата жасалчу профилактикалык иш болуп саналат. Бүгүн Бишкектин жылуулук тармагы сыналып, кемчиликтери аныкталды.

Ишкананын маалымат кызматы бардык иштер өз маалы менен жүргүзүлүп, ысык суу да убагында берилерин эскертти.

Эске салсак, ысык суу орозо маалында өчүрүлүп, шаардыктардын нааразычылыгын жараткан.