Экономика министри болом деген Санжар Мукамбетовду комитет колдоду

Мукамбетов буга чейин Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы кызматын аркалап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети экономика министри кызматына Санжар Мукамбетовдун талапкерлигин жактырды.

Абылгазиев бош турган министрликтерге талапкер сунуштады. Алар ким?
Комитеттин жыйынында министрликке талапкерди тааныштыруу үчүн өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов келди.

Эске салсак, буга чейинки министр Олег Панкратов министрликтин ишине карата өкмөт, президент тарабынан айтылган сындардан улам өз ыктыяры менен кызматтан кеткен болчу.

Санжар Мукамбетов жети жыл экономика министринин орун басары болуп иштеген. 2018-жылы төрт ай вице-премьер-министр болгон. 2018-жылдын апрель айынан бери Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы кызматын аркалап келген.