Мигрант кыз-келиндер Москвада таштап кеткен 6 бала Кыргызстанга кайтарылды

2011-жылдан бери Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган 98 бала алып келинди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кечээ, 27-майда, Москва шаарынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен алты айдан 1,5 жашка чейинки алты бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Наристелерди кайтарууга Россиядагы Кыргызстандын элчилиги жана КРдин Саламаттык сактоо министрлиги жардам берди.

"Келери менен балдардын бири туугандарына асыроого берилди. Калгандарын дагы министрлик үй-бүлөсү же туугандары менен бириктирүүгө аракеттерди көрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 2011-жылдан бери Россиядан мекенине кароосуз калган 98 бала кайтарылган.