Абылгазиев бош турган министрликтерге талапкер сунуштады. Алар ким?

Өткөн аптада аталган төрт органдын тең жетекчилери отставкага кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине өкмөт мүчөлүгүнө төрт талапкерди тааныштырды.

Алардын тизмеси:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуев (учурда айыл чарба министринин орун басары);

Өкмөттүн дагы бир нече мүчөсү кызматтан кетиши мүмкүн
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев (учурда КР Президентинин кеңешчиси);

Өкмөт аппаратынын министр рангындагы жетекчилигине Самат Кылжыев (учурда Өкмөт аппаратынын финансы жана насыя саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси);

Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетов (Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы).

Өткөн аптада аталган төрт органдын тең жетекчилери отставкага кетишкен.