Абылгазиев: Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездеткиле!

Адвокат Матраимовдун сотко кайрылган максаты башка экенин, кызматына кайра барбай турганын айткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүү процесси тездетилип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүү шарт. Мындай тапшырманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып жатып берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, жолугушууда аталган кызматтын ишмердүүлүгүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы мезгилге артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Таиров өлкөнүн мамлекеттик органдарында көрүлүп жаткан экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады. Ошондой эле экономика жана финансы тармактарында кызматтык кылмыштардын алдын алуу, жоюу жана бетин ачуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев экономикалык жана кызматтык укук бузуулар деңгээлин төмөндөтүү иштерин күчөтүүнү, экономикалык кылмыштарга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Белгилей кетсек, Райым Матраимов өткөн жылдын апрель айынан бери өкмөт менен соттошуп келген. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан кетирген. Бирок Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган болчу.

7-май күнү КРдин Жогорку Соту өкмөттүн Матраимовдун үстүнөн даттануусун карап чыгып, Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми анын адвокаты Матраимовдун сотко кайрылган максаты башка экенин, кызматына кайра барбай турганын айткан болчу.