Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Аскарова мандатын тапшырып берген Назаровдун ордуна келди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Айнура Аскаровага мандат тапшырылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Эдил Байсаловдун талапкерлиги Улуу Британиядагы элчиликке сунушталууда
Чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган. Аскарова "Кыргызстан" фракциясынан Айтмамат Назаровдун ордуна депутат болуп келди. Белгилей кетсек, Назаров Улуттук энергохолдингдин жетекчилигине дайындалган.

Аскарова буга чейин "Замандаш" журналынын башкы редактору болуп иштеп, "Замандаш" партиясынын маалымат кызматын жетектеп келген. Мындан тышкары, ЖК төрагасынын маалымат катчысы болуп эмгектенген.

Жаңы депутат ант бергенден кийин кызматына киришет.