БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Уйду мотоциклге өңөрүп алган пакистандык киши социалдык тармакты кыраан каткырыкка салды. Окуянын видеосу Twitter социалдык тармагына жарыяланды.
Видеодон мотоциклге кишидей болуп отуруп алып, көчөдөн өтүп бараткан башка машиналардан үркпөгөн уйду көрүүгө болот.
Элди күлкүгө салган видеонун ылдый жагына мындай окуялар Пакистан үчүн жаңылык эмес, кадыресе көрүнүш экенин жазышууда.
Ашканада тамак ичип отурган элди качырып кирген камандын видеосу айрымдарды бир кыйла тынчсыздандырды.