Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? УКМКнын жообу

Мыйзам боюнча экс-президентти УКМКнын 9-кызматынын өкүлдөрү кайтарышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин саны мурдагыдай эле калды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мусакеевдин камалгандыгына байланыштуу ЖМКларда Атамбаев кайтаруусуз калды деген маалыматтар тарап жатат. "Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, анын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин саны мурдагыдай эле калды", — деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, экс-президент Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди Свердлов райондук соту батирлерди туура эмес бөлүштүрүү боюнча козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

КСДП Алмазбек Атамбаевдин мындан ары эмне кыларын айтты
Ал Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген.

25-май күнү Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кеткен. Мындай чечим кабыл алууга "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы себеп болгон.

Белгилей кетсек, 16-май күнү Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле саясий партиялардын башкаруу органдарында эмгектенүүсү мүмкүн эмес. Эгер мурдагы президент бул нормаларга баш ийбей турган болсо, бардык артыкчылыктарынан кол жууйт.