КСДП Алмазбек Атамбаевдин мындан ары эмне кыларын айтты

Партия төрагасынын милдетин Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова аткарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП төрагалыгын тапшырганы менен саясаттан кеткен жок. Бул тууралуу партиянын жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Атамбаевдин кабинетине үн жаздыруучу каражат орнотуу аракети болгонбу? УКМК жообу
Эске салсак, 25-май күнү Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кеткен. Мындай чечим кабыл алууга "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы себеп болгон.

Белгилей кетсек, 16-май күнү Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле саясий партиялардын башкаруу органдарында эмгектенүүсү мүмкүн эмес.

Жолдубаеванын айтымында, Атамбаев саясаттан кеткен жок. Мыйзам боюнча экс-президент саясий партияларда эмгектене албаганы менен саясий ишмердүүлүккө тыюу салынган эмес.

"Атамбаев КСДПны жаш тарапташтарына өткөрүп берди. Бирок ал өзүнүн саясаттагы миссиясын акырына чейин ишке ашыра элек. Мындан улам экс-президент буга чейин жар салган саясий максаттарынан баш тартпайт. Ал бул боюнча партиянын жыйынында дагы билдирди", — деди Жолдубаева.

Учурда КСДП төрагасынын милдетин Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова аткарып жатат.