Жаңы кабыл алынып иштеп жаткан кодекстердин абалы кандай? Талкуу

Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгын сот-укуктук реформанын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү талкуулады. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да катышкан.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда жаңы жазык мыйзамынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери каралды.

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен Эреже бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилиши боюнча мониторингдин жыйынтыктары тууралуу сөз болду. Сот-укуктук реформаны аткарууга тартылган жергиликтүү органдардын иш аракеттери да талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.