Эртең Бишкектин 29 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

Бул күнү адистер үйлөрдүн ичиндеги электр энергиясына тиешелүү жабдуулар менен трансформаторлорду карап, оңдоп-түзөө менен алектенет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада дүйшөмбүдө, 27-май күнү электр кубаты 29 көчөдө бир нече сааттап өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынын сайтында маалымдалды.

Төмөнкү көчөлөрдө электр энергиясы болбойт:

Саат 9:00 - 17:00 аралыгында бешинчи кичи райондогу № 64, 65, 79-83 үйлөрдө, Ибраимов көч., № 42 үйдө;

Саат 9:00 -19:00 Кирпичная, Күрөңкөев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, 12-кичи райондогу "ДОСААФ" автоклубунда;

Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
Саат 9:30 - 17:00 аралыгында Арча-Бешик жаңы конушундагы (Абдрахманов, Садыбакасов, Набережная, Жаңы-Турмуш, Нарын, Ош-3000, Ысык-Көл, Аксы, Матисаков, Масыралиев, Сары-Камыш, Абаданов, Ак-Таң, Эшпай, Торгой, Түндүк, Бишкек-125 көчөлөрүндө), Өйдөңкү Орок, Төмөнкү Орок айылдарында;

Саат 9:30 - 18:00 аралыгында Тулөбердиев, Манас, Кокчө-Тоо көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Салам-Алик жаңы конушунда, (Күңгөй, Көк-Сай, Жерге-Тал, Ак-Муз, Кызыл-Алма көч.), Достук кичи районундагы № 1, 4, 5, 6, 9, 10, 9В, 10Б, 11В үйлөрүндө болбойт;

Саат 10:00 - 18:00 Кара-Жыгач жаңы конушунда өчүрүлөт.

Бул күнү адистер үйлөрдүн ичиндеги электр энергиясына тиешелүү жабдуулар менен трансформаторлорду карап, оңдоп-түзөө менен алектенет.