Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти

1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү классташына үй куруп беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бүтүрүүчүлөрдүн бири Өткүрбек Айтмаматов билдирди.

Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти

Айтымында, алар үй куруп берген классташы Өмүрбек Пусуров 1-топтогу майып.

"Эргеш Осмонов атындагы орто мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр классташыбыз Өмүрбек Пусуровго 3 бөлмөлүү үй куруп бердик. Өмүрбек өзү майып, эки баланын атасы. Буга чейин ураганы калган эки бөлмөлүү тамда оокат кылчу. Ошол себептен бүтүрүүчүлөр чогулткан акчабызды башка нерсеге жумшабай, классташыбызга кайрымдуулук кылууну чечтик", — деди Айтмаматов.

Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти

Там салып гана бербестен классташтары идиш-аягынан төшөктөрүнө чейин жаңыртып беришкен.

Жаңы конуштуу болгон Өмүрбек Пусуровдун келинчеги Гүлназ Омокова мындай үйлүү болобуз деп ойлобогонун айтты.

Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти

"Жолдошум майып болсо, мындай кычыраган үйдү сала алмак эмеспиз да. Өзүм да балдар менен үйдөмүн, иштебейм. Классташтар там салып берерин айтканда кубанганыбызды айтпаңыз. Балдарыбыз да бөлмөдөн бөлмөгө чуркап, жыргап жатышат. Биз үчүн күтүүсүз белек болду. Классташ балдар там куруп берсе, аяштарым үйүмдү толтуруп идиш-аяктын түрүн, төшөк, эмеректен бери алып беришти. Кубанычыбызга чек жок, баарына ырахмат айтып атабыз", — деди Омокова.

1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.