БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Көрүнүктүү советтик партиялык ишмер Бейшебек Акунов 87 жашында дүйнө салды.
Анын каза болгонуна байланыштуу өлкө башчылары, аткаминерлер көңүл айтты.
Акуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Бейшебек Акунов 1932-жылы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында туулган. 1955-жылы Москва автомобиль-жол институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги №2 шаардык автобазада гараж жана устаканалардын начальниги болуп иштөөдөн баштаган.
1964-жылы Москва автомобиль-жол институтунун аспирантурасын аяктаган жана Фрунзе политехникалык институтунда ага окутуучу болуп иштеген. 1965-1971-жылдары Кыргыз ССР Мампланында иштеп, Транспорт жана байланыш бөлүмүн, экономика жана өндүрүштү уюштуруу лабораториясын жетектеген. Андан соң Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасында Пландоо, жаңы техника жана эмгек ресурстары бөлүмүнүн башчысы болгон. 1971-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкаруучусу болуп дайындалган.
1973-1983-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь райондук партиялык комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. 1983-жылдан баштап, 1992-жылга чейин кайрадан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасын жетектеген. 1993-жылдан тартып Кыргызстан коммунисттер партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
Бейшебек Акунов Кыргыз ССР Жогорку Советинин X жана XI чакырылыштарынын депутаты, ошондой эле Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
III даражадагы "Манас", "Ардак белгиси" ордендери, медалдар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу болгон.