Тереза Мэй премьерликтен кетип жатып ыйлап жиберди. Видео

Мэй премьерликке 2016-жылдын июль айында дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Консервативдик партиянын лидерлигинен кетип жатканын жар салды. Бул кадамы менен ал өкмөттүн башчылыгынан да кетерин ВВС жазды.

"Брекзитти ишке ашыра албай калганыма катуу өкүнөм. Элдин эркин аткаруу үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Тилекке каршы, бул колумдан келбеди", — деди ал маалымат жыйын учурунда.

Мэйдин сөз сүйлөп жатып жашып кеткен учуру ВВС телеканалынын видеосуна түшүп калган.

​Маалыматта премьерликтен кетүүгө Тереза Мэйди Brexit боюнча Евробиримдик менен жаңыланган макулдашууга нааразы болгон партиялаштары менен өкмөт мүчөлөрү мажбур кылганы айтылат.

Белгилей кетсек, Мэй аталган кызматка 2016-жылдын июль айында партия кризиске тушугуп турганда келген. Дал ушул учурда партия Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча эки жаатка бөлүнүп турган эле.