Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады

Милицияга арыз менен кайрылган жаран белгисиз киши анын тууганын күчтөп унаага салып кеткенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте кызды уурдоого шектелип 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. 

Кыздын колуна кишен салып уурдаган. Милиция шектүүнү кармады

Милицияга арыз менен жабырлануучунун тууганы кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 20-майында саат 23.40тар чамасында бейтааныш киши анын 1996-жылкы тууганын күч колдонуу менен унаасына отургузуп, колуна кишен салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген.

"Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүү катары 1993-жылкы О.Б. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучунун абалы тууралуу айтылган жок. Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынды.