Үрөй учат! Бишкектин базарларында 4 саатта ВИЧке кабылган 5 адам аныкталды

Адис эгер калктын эки пайызы ВИЧ болсо, толук кандуу эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болорун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкектин базарларында 4 сааттын ичинде ВИЧке кабылган беш адам аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев билдирди.

Үрөй учат! Бишкектин базарларында 4 саатта ВИЧке кабылган 5 адам аныкталды

Бүгүн, 24-майда, борбор калаадагы "Орто-Сай", "Ош" жана "Аламүдүн" базарларында каалоочулар ВИЧ тестирлөөдөн өтүп жатышат. Демилгени СПИД республикалык борбору менен ассоциация көтөрүп чыккан.

"Саат 11.00дө ыктыярчылар базардагы адамдарды тесттен өтүүгө үндөштү. Тест 99,5 пайыз так жыйынтык чыгарат. Саат 14.00гө карата тесттен 300 киши өттү. Бир маалда эле "Орто-Сай" менен "Аламүдүн" базарынан экиден, "Ош" базарынан бир киши ВИЧке кабылганы боюнча маалымат түштү. Биз мындай жыйынтыкты төрт саатта эле алдык", — деди Султангазиев.

Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ
Эки жаранга консультация берилип, СПИД боюнча шаардык борборго жөнөтүлдү.

"Шок болуп жатам. 300 адамдын ичинен 5 адам ВИЧ экени аныкталды, бул 2 пайызды түзүп жатат. Эгер калктын эки пайызы ВИЧ болсо, толук кандуу эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болот", — деди адис.

СПИД боюнча республикалык борбор тестирлөөнүн жыйынтыгын такташат. Султангазиев эгер маалыматтар тастыкталса, мамлекеттик аппарат саламаттык сактоо системасындагы көптөгөн программаларды кайра карап чыгышы керектигин кошумчалады.