БИШКЕК, 23-май – Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 26-июнга чейин №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай чечим бүгүн, 23-майда чыккан. Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозу коюлуп, мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында шектүү катары каралууда. Экс-вице-премьер ал учурда күч структурасын жетектеп турган.
Батукаевдин иши
Белгилей кетсек, Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.
Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.
Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.