Депутат Айтмамат Назаров мандатын тапшырды. Себеби

Назаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Абылгазиев Дастан Догоевди Байланыш комитетинин төрагалыгына сунуштап жатат
Депутат өз сөзүндө башка кызматка кетип жаткандыктан ушундай чечим кабыл алганын айтты. Тактап айтканда, ал "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун жетекчиси кызматын аркалайт.

Назаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп келген.

2016-жылдын ноябрь айынан бери парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетин жетектеп келген.