БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы болууга макулдугун берген депутат Айтмамат Назаров ишти эмнеден баштай турганын учкай айта кетти.
Назаров кечээ, 22-майда, өкмөт башчысынын сунушу менен "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик ишканасынын акционерлери аны башкаруучулуктун башчысы кылып дайындоо боюнча чечим кабыл алганын билдирди.
"Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик жана катуу сыноо", — деди ал.
Ал, андан сырткары, акыркы кезде «Улуттук энергохолдингдин» иши элдин сынына кабылып, анын ордуна энергетика министрлигин түзүү боюнча Жогорку Кеңештин эки фракциясы менен бир комитети чечим кабыл алганына да токтолду. Бул энергетика тармагында каалагандай реформалар жүрбөй, энергетиктердин аракети жетишсиз болуп жатканынан кабар берерин белгиледи. Башкача айтканда, иш жүзүндө көп нерсе өзгөрбөй, көрсөткүчтөр жакшы болбой жатканынан кабар берерин билдирди.
Назаров жаңы кызматында иште эмнеден баштай турганына да токтолду.
Жаңы жетекчи, андан сырткары, сырттан туруп сын айткан, кара пиар жасап жеке кызыкчылыгы үчүн бут тоскондор көп болорун түшүнүп турганын билдирди.
"Эгер алардан коркуп, алардын айткан жолу менен жүрсөк, жүргүзөбүз деген реформалар куру кыял боюнча калат", — деди ал.
Назаров ошондой эле бардык аракеттерин мыйзам чегинде алып барарын баса белгилеп, депутаттардын колдоосуна таянарын белгиледи.