БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун каршы пикирлердин айтылганына карабай, кызуу талкуудан кийин жалпы жыйында карай турган болду.
Бул сунуштан кийин айрым депутаттар мыйзам долбоору менен комитеттин мүчөлөрүнөн тышкары эч ким таанышпаганын айтып, шашылуунун кажети жок экенин белгилешти.
Депутат Бакыт Эргешов сунушталып жаткан мыйзам долбоору Конституциядан кийинки эле мыйзам экенине токтолуп, аны шашпай окуп чыгуу керектигин айтты.
Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстанда саясий чырдын баары дал ушул шайлоодон чыкканын билдирип, депутаттарды кылдат болууга чакырды.
"Биздин ансыз да тарых алдында чоң күнөөбүз бар. Талкуулабай туруп, Конституцияга каршы келген Конституцияны кабыл алган дал ушул парламент. Эми урду-салды кылып Кыргызстанда шайлоонун табиятын өзгөртө турган төрт шайлоо кодексин окубай туруп азыр кабыл алган таптакыр туура эмес", — деди эл өкүлү.
Иманалиев "Ата Мекен" фракциясы бул маселе боюнча пикирин жума күндөн кийин гана билдирерин айтты.
"Ошондуктан муну дыкат окуп, шаштырбай, Кыргызстанга, келечекке керектүү шайлоо кодексин кабыл алып беришибиз керек", — деди ал.
Депутат Кенжебек Бокоев комитетте кечээ каралган мыйзам долбоорун дароо эле палатага алып чыга калуу регламентке туура келбей турганын эскертти.
"Кечээ комитеттен каралган нерсени бүгүн палатага киргизели деп жатасыңар. Регламент боюнча үч күн мурда материалдар таркатылышы керек. Башкача айтканда, бүгүн күн тартибине кире турган мыйзам долбоорун депутаттар үч күн мурда көрүшү керек", — деди ал.
Бокоев айрым мыйзамдар шашылыш түрдө жалпы жыйынга чыгып, айрымдарына такыр көңүл бурулбай жатканына да токтолду.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү создуктурбоо керек деп депутаттарды ынандырууга аракет кылды.
"Бул өзгөртүүлөр комитетте үч ирет каралды, жакшы талкууланды. Азыр айтылып жаткан пикирлерге кошулам, депутаттар да таанышышы керек. Бирок мындан ары да созо бербеш керек. Ошондуктан, урматтуу коллегалар, бул шайлоо мыйзамы баарыбызга тиешелүү, демилгечилерге да, демилгечи топко кошулбаган депутаттарга да, жалпы биздин шайлоого тиешеси бар жарандарыбызга тиешелүү. Акыркы жылдары Кыргызстандын суверендүү тарыхында бүт чыр-чатактын баары шайлоонун тегерегинде чыгып келген. Муну мындан ары жакшы мыйзам жолуна, цивилдүү жолго салыш керек", — деди Өмүркулов.
Фракция лидери, андан сырткары, депутаттардын бардыгынын эле сунушу мыйзамды жакшыртуу экенин айтып, ага кошуларын, бирок кайсы этапта кайсы сунушту кабыл алуу керектигине да көңүл буруу керек экенин белгиледи.
Эл өкүлү Жанар Акаев шайлоо мыйзамдары боюнча төрт вариант чыгып жатканын айтып, андыктан майдаланбай өтө олуттуу жерлерин талкуулоону сунуштады. Акаев мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн өзүнүн да сунуштарын тизмектеди.
"Биринчиси, тизмени партия лидерлери эмес эл өзү тандашы керек. Адамдар партияга да добуш берип, анын ичинде ким депутат болушу керектигин да тандашы кажет. Бул олуттуу өзгөртүү болот. Экинчиден, 9 пайыз босого чекти 5 пайызга түшүрүшүбүз керек. Ал жаңы партиялардын, жаңы лидерлердин парламентке келишине жол ачат. Үчүнчүсү, шайлоодо олигархтардын акча таратуусуна тыюу салышыбыз керек. Эл азыр дал ушул нерсени күтүп жатат", — деди ал.
Акаев сунушталып жаткан бардык варианттарды бириктирип коомдук талкуу уюштуруу керектигин, жарандык коомдун пикири да маанилүү экенин айтты.
Талкуу учурунда депутат Алтынбек Жунус уулу вице-спикер Аида Касымалиевадан сунушун артка алууну өтүнүп, мыйзам долбоору менен бардык депутаттардын таанышуусуна убакыт керек экенин айтты.
"Бүгүн шашылыш кирип калса биз аны окуганга да жетишпейбиз. Ал жерде бир эмес, төрт мыйзам долбоору бар экен. Жаңыланган шайлоо тартибин киргизгени жатабыз, андыктан жакшылап таанышып алалы", — деди ал.
Вице-спикер Аида Касымалиева депутат Каныбек Иманалиевдин келтирген дооматтарына өзүнүн пикирин билдирип, биринчи кезекте палатага шайлоо жөнүндөгү кодекс эмес, мыйзам долбоорлору сунушталганына токтолду. Аны менен катар сунушталган редакцияда шайлоонун эрежелерин өзгөртүү каралбаганын, тескерисинче, 2015-жылы болгон реформаларды жакшыртуу экенин белгиледи.
"Комитеттеги талкууда дагы бул жерде косметикалык жана техникалык өзгөртүүлөр бар экени айтылды. Ошону менен бирге шайлоо жараянын жакшыртканга, ачыктыкка алып келе турган өзгөртүүлөр бар", — деди Касымалиева.
Депутат Рыскелди Момбеков эмне үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорлору шашылыш кабыл алынып, каралып жатканына кызыкты.
"Эгер эртең парламент таркап, эки айдан кийин шайлоо боло турган болсо, анда шайлоо боюнча кодекстерди бүгүн карай берсек болот. Эми шашкан шайтандын иши, шайлоо деле шайтандын иши. Шашылыштын канчалык кажети бар эле? Кечээ эле комитетте караптырсыңар, эч ким таанышкан жок. Анан бүгүн капка шибегени салып алдыбызга таштап, талкуулай бергиле дегендин өзү туура эмес. Эл дагы аны туура эмес кабыл алат. Шайлоого бир жарым жыл бар, кайда шашып жатабыз?" — деп суроо салды Момбеков.
"Шайлоого бир жыл калганга чейин бардык жол-жобосун тактап алсак өзүбүзгө жеңил болмок. Мындай нерсе дүйнөлүк тажрыйбада бар", — деди Касымалиева.
Талкуунун жыйынтыгындагы добуш берүүдө 70 депутат макул болуп, 15 депутат каршы пикирин билдирди. Аталган сунуш парламенттин 22-майдагы жыйынына акыркы маселе болуп кирди.