22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр

Жат жазуу акциясына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан 206 киши катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандагы "Сабаттуу бол" деп аталган жат жазуу акциясына катышкан мамлекеттик кызматкерлердин арасында "1" деген баа алгандар да болду. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Аида Ишеналиева билдирди.

Жат жазуу акциясына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан 206 киши катышып, алардын ичинен 11 киши "1" деген баага татыган.

22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр
22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр

Аларды барактай келгенде жөнөкөй сөздөрдөн кеткен каталарды байкоого болот.

Маселен, "калар" сөзүн — "каалар", "коштошуп" сөзүн — "коштошуб" деп жазышкан. Башка каталарын кошкондо бул эмгектен текшерген адамдар орфографиялык 16, пунктуациялык 6 ката тапкан!

22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр
22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр

Дагы бир катасы толтура диктанттан "өзүң еле", "суроңо", "деерсиң" деген сөздөрдү кездештирүүгө болот. Бул жат жазуунун 19 (!) катасы бар экен.

22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр
22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр

"1" деген баага арзыган кийинки "шедеврден" 20 ката кеткен.

"Саатан кийин", "ишге", "каараныңдан", "талууу"деген "жаңы" эрежелер менен жазылган сөздөрдү кезиктире аласыз.

Маалымат үчүн айтсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 15и — "5", 52си - "4" алса, 73 киши "үчкө", 52 кызматкер — "2" деген баага жазган.

Тил комиссиясы: жат жазуу жазгандардын кээсине "0" деген баа коюлду
Диктантты интернеттен көчүрүп алган "ишмердүүлүгү" үчүн 3 кишиге "0" коюлган.

Эске сала кетсек, акцияга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, студенттер, ЖОЖдордун, мектептердин мугалимдери, бала бакча, банкта иштегендер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрү катышкан.

Айтмакчы, бир жат жазууда кыргызстандыктар жатка билген Толгонай эненин уулу Майсалбек (Чыңгыз Айтматовдун"Саманчынын жолу" повестиндеги каарман), "Байсалбек" болуп "өзгөрүп" кеткен. Бирок Улуттук комиссиядан муну жогорудагы тармактардын ичинен кайсынысынан жазгандыгын такташкан жок.

Жат жазууларды 12 кишиден турган комиссия текшерген. Алардын арасында жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, мектеп мугалимдери, журналисттер болду.