"Кыргыздар" тарыхый китеби 20 том болуп жарык көрдү

Эмгекте байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин басып өткөн жолу менен бир топ тарыхый маалыматтар камтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Кыргыздар" аттуу тарыхый 20 томдук китеп жарык көрдү. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады.

Бул тарыхый эмгектин бет ачары эртең, 22-майда, коомчулуктун катышуусунда өтөт. 

"Кыргыздар" тарыхый китеби 20 том болуп жарык көрдү

Аталган 20 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

Эске салсак, "Кыргыздар" 2010-жылы 10 томдук болуп жарыяланган. Бул сапар толукталып, 20 томго бириктирилип, кайрадан басылды.

Китепти Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.