Батукаевдин иши боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов кармалды

ИИМдин тергөө кызматы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматта буга чейин Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүү тапшырмасын бергени белгиленген.

"Шамил Атаханов бүгүн, 21-майда, ИИМдин тергөө абагында сурак берди. Ал Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Депутат Карамушкина кармалган Сагинбаеваны үй камагына чыгарууну суранды
Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошондой эле мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ал эми ИИМдин мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев 21-майда сурак берип чыкты.