Ишкерлерден "Кара көлөч" сыйлыгын алган министр Мурашев жооп кайтарды. Видео

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге 20-майда "Кара көлөч" антисыйлыгы ыйгарылды. Кыргызстандагы ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөндө ушундай жыйынтык чыккан.
Sputnik

Бизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев буга былтыр картошка экспорттолбой, баасы арзандап кетиши негиз болгонун билдирген.

Ал эми министр Нурбек Мурашев бүгүн, 21-майда, Пономаревду антисыйлыкты колуна тапшырып кетүүгө чакырган. Ага удаа эле журналисттерге комментарий берүүнү чечкен.

"Алар бир эле картошка көйгөйү үчүн баа берип, ушул антисыйлыкты беришиптир. Бул туура эмес деп эсептейм. Бизде мындан башка толтура тармактар бар. Эгер бир тармакты эле карай турган болсо, башка ведомстволордо да жетишпегендиктер көп да. Ошон үчүн кандай критерийлер менен караганын сиздердин көзүңүздөрчө сурайын деп Сергей Пономаревду чакырсак, ооруп калганын айтып келүүдөн баш тартты", — деди Мурашев.

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу
Министр ошондой эле эгер Пономарев келсе чоо-жайын сурап, кийинки жылы "Алтын кол алышуу" сыйлыгын алууга сөз бермектигин билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл "Алтын кол алышуу" сыйлыгы экономика министри Олег Панкратовго берилген. Мурашев ага мындай сыйлык ыйгаруу туура эмес деп эсептээрин айтты. Анткени картошканы экспорттоо экономика министринин да милдети экенин белгиледи.