Таиландда иттин жардамы менен тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды куткарып калышты

15 жашта кыз эрте төрөп койгону үчүн ата-энесинен коркуп, наристесин талаага көөмп койгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Таиланддын түндүк-чыгышында тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды ит байкап калып, кишилер куткарып калышкандыгын Daily Mail жазды.

Сууга түшүп кеткен чоң эне менен неберени сактап калышты. Кытайда тартылган видео
Басылманын маалыматына караганда, Пинг Понг аттуу иттин ээси аны талаага сейилдөөгө коё берген. Күтүүсүз жерден эле ити үрүп, жерди алдыңкы эки буту менен тырмалай баштаган. Ээси жакын келип караса, топурактан жаңы төрөлгөн ымыркайдын бутунун учу көрүнгөн.

Жерди казып, наристени алып чыгып дароо ооруканага жеткиргенде дарыгерлер баланын олуттуу жаракат албаганын айткан.

Кийинчерээк полиция ал бөбөктүн апасын таап, кыздын 15 жашта экенин аныктаган. Ал эрте төрөгөнү үчүн ата-энесинен коркуп, ымыркайынан арылууну чечкенин моюндаган. Маалыматта жаш энеге адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча айып тагылганы жазылган.

Ал эми кыздын атасы небересин багууга даяр экенин билдирген, бирок бул маселени эми социалдык кызматкерлер чече турган болду.