Кыргыз-казак чек арасындагы кезектен улам чыр чыкты. Видео

Учурда көзөмөл өткөрүү бекетинде 50дөй унаа кезекте турат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Казакстандагы "Кара-Суу" көзөмөл өткөрүү бекетинде айдоочулар менен чек арачылардын ортосунда чыр-чатак чыкты.

Анын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Кыргызстан тараптагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда анын айынан 50дөй фура кезекте турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Кезекте турган унаалардын саны кээде азайып, кээде көбөйүп 100дөн ашпай эле. Кыргызстандык чек арачылар штаттык режимде иштеп, унаалар менен адамдарды тоскоолдуксуз өткөрүүдө. Ал эми айрым маалыматтар боюнча казак тарап кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө", — деп мекемеден кабарлашты.

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү Искандаров кызматтан кетти
Эске салсак, аталган көзөмөл өткөрүү пунктунда ушул жылдын март айында казак тарап фураларды тыкыр көзөмөлгө алган. Андан көп өтпөй эки жүздөн ашык фуранын узун кезеги пайда болгон. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товарларын тыкыр көзөмөлдөп жатканы себеп болгонун билдирген.

Мындан улам Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштаган. Кийин апрель айынын башында кырдаал жөнгө салынып, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштаган.