Жээнбеков: Кызыл-Омполдогу окуянын артында кимдер турганын билем

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү уран чыга турчу Кызыл-Омполдогу окуя жөн жерден саясатташып кеткенин Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы таратты.

Жээнбеков бул иштердин артында кимдер турганын билерин айтты.

"Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу — туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу", — деди президент.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

Эксперт Кызыл-Омполдогу уранды чалгындоого ким уруксат бергенин айтты
"Кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коё баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз", — деди ал.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

Эске салсак, Ысык-Көлдө уран казууга аракеттер болуп жатканы жөнүндө маселе жергиликтүү эл көтөрүлгөндөн кийин мамлекеттик деңгээлде каралып, өлкө жетекчилери да көңүл бурган. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран казууга тыюу салган токтом кабыл алган. Кийин президент дагы уран казылбай турганын айтып, элди ишендирген.