Кардармын деп 2 млн. евролук унааны уурдай качкан киши кармалды

Бул сейрек кездешкен жана өтө кымбат автокөлүк. Адатта мындай темир тулпарларды тоорукта сатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Эки миллион евро турган Ferrari автоунаасын Дюссельдорф шаарындагы тест-драйв учурунда уурдап кетишти. Бул туурасында BBC кабарлады.

60 секундда уурдалган унаа. Окуянын видеосу
Жергиликтүү полициянын билдиргенине караганда, шектүү адам автосалонго такси менен келип, эл алдына коюлган Ferrari 288 GTO автокөлүгүн сатып аларын айткан. Ага темир тулпарды айдап көрүү үчүн беришкен.

Эки саат бою айдап, тест-драйв аягына чыккандан кийин сатуучу жерге түшкөндө сатып алам деген киши газды басып, учура айдап, көздөн кайым болгон.

Автоунаа боюнча, документте ал мурда Формула-1дин атактуу айдоочусу Эдди Ирвайнга таандык экени, буга чейин 43 миң чакырым жүргөнү айтылган.

Британиялык Эдди Ирвайн Ferrari командасында 1996-1999-жылдары чыгып жүргөн. Бул сейрек кездешкен жана өтө кымбат автокөлүк. Адатта мындай темир тулпарларды Sotheby's тооругунда сатышат. Наркы болжол менен 3 миллион доллардын тегерегинде.

Уурдалган автокөлүктү Дюссельдорф шаарынан алыс эмес жердеги Гревенбройх шаарчасындагы гараждардын биринен табышкан.

Уурдалган унааларды өрттөп, сатып жүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Ал эми айдай качкан киши изин сууткан. Анткен менен автосалондогу камералар тартып калган сүрөттү полиция жарыя кылып, издөө салган.

Дилердик компаниянын жетекчиси Westdeutsche Allgemeine Zeitung басылмасына ал киши бир нече жума бою аларга жазып, чалып, Ferrari боюнча сурагандыгын айтып берген.

Ал автоунааны уурдап кетип, сатып жиберүүгө мүмкүн эместигин айтты. Мындай сейрек жана кымбат темир тулпарды сатып жатканда анын уурдалгандыгын билип коюшат. Себеби Ferrari 288 GTO саналуу санда, тагыраагы, 272 гана даанасы бар.