Президент Жээнбеков Ысык-Көл облусуна барды

Мамлекет жетекчиси өлкө аймактарын кыдырууну улантып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысын кабыл алды
Анын алкагында мамлекет жетекчиси Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, ошондой эле Түп айылында курулуп жаткан спорт комплексине барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Ал эми 17-май күнү Жээнбеков Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барып, шаардын тургундары менен сүйлөшөт. Мындан тышкары, "Акылдуу шаар" жана Балыкчы шаардык мэриясынын башка инновациялык долбоорлору менен таанышмакчы.