Өкмөт: "Коопсуз шаар" жол кырсыгынан болгон өлүмдү 68,8 пайызга азайтты

Премьер-министр "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашыра алдык деген пикирин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден тартып Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 3,4 пайызга, каза болгондордун саны 68,8 пайызга кыскарган. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Ал эми Чүй облусу боюнча 3,8 пайызга, автокырсыктан көз жумгандардын саны 37 пайызга кыскарган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборуна барып, иштин абалы менен таанышкан.

"Бүгүн биз адистер командасынын күчү менен "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашыра алдык. Бардык көрсөткүчтөрдүн азаюусу байкалууда: жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны эки эсеге, жол кыймылынын эрежесин бузуулардын саны үч эсеге кыскарган", — деген ал.

Эске салсак, Бишкек калаасынын 38 көчө кесилишине жана 4 ылдамдык чегине, Чүй облусундагы трассаларга 48, ал эми көчүп жүрүүчү программалык 20 аппарат орнотулган.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча Бишкек калаасына жана Чүй обулусунун кайсы жерлерине көзөмөл камералары орнотулгандыгын толугу менен бул жерден тааныша аласыз.