Жума күнгө карата аба ырайы

17-майда тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. 17-май, жума күнү, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, аба ырайы Чүй жана Талас жергесинде +22...+27 градус, Ысык-Көл аймагында +20... +25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, ал эми Нарында +20...+25 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +29...+31, Бишкекте +25...+27 градус жылуу болору айтылды.