Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына Сооронбай Жээнбеков кол койду

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май – Sputnik. Сооронбай Жээнбеков "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Экс-президенттерди кол тийбестиктен биротоло ажыратуу керекпи?Ооба, мыйзам алдында баары бирдейИмпичмент сыяктуу процедураны иштеп чыгуу керекЖок, анда президенттер маанилүү чечимдерди кабыл алуудан чочулап калатМага баары бир, саясаттан оолак адаммын
 Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алып берген.

"Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдагы Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамдын 16-беренесине (3-бөлүгү) каршы келерин баса белгилеген.

КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын айтышкан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.