Түндө Панфилов паркында чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар да күйдү. Видео

Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү төрт унаа күрөштү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 16-майга караган түнү Бишкектин чок ортосундагы Панфилов сейил багында кафе өрттөндү. Бул тууралуу күбөлөр билдирген.

Тилсиз жоо менен күрөшкөнү өрт өчүрүүчү төрт унаа келген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен “Живая экзотика” кичи зоопаркы, “Деревяшка” кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн.

Жалынды саат 2.03тө чектөөгө алышкан.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.