Унаадагы наристеге коопсуздук курун такпай кетип бараткан милиционердин видеосу

Эреже боюнча жети жашка чейинки балдар автоотургучка отургузулуп, коопсуздук куру тагылышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаада милициянын формасын кийген киши алдыңкы орунга отургузуп койгон наристеге коопсуздук курун таккан эмес. Күбөнүн видеосу Telegram-каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, видео шаршемби күнү, 15-майда, саат 07:45тер чамасында Токмокто тартылган.

Видеону өчүрүүнү жалбарып суранган автоинспектор кызматтан алынды
Айдоочу аны видеого тартып жатканын көрүп, өзү коопсуздук курун тагынган. Бирок наристе алдыңкы орунда турган бойдон кете берген.

Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, видео изилденип жатат. Формачан кишинин ким экени жана иштеген жери такталууда. Аныкталгандан кийин ага чара көрүлөрү белгиленди.

Белгилей кетсек, 12 жашка чейинки балдарды унаанын алдыңкы орунуна отургузуу үчүн автоотургуч колдонуу керек. Ошондой эле коопсуздук куру тагылышы зарыл.