Экс-депутат Музаффар Исаков жети жылга эркинен ажырады

Мурунку эл өкүлү менен кошо айыпталып жаткан айыл өкмөттүн мурунку башчысы жана эки кызматкерине да өкүм чыкты.
Sputnik

ОШ, 15-май. – Sputnik. Жалал-Абад облустук соту экс-депутат Музаффар Исаковду жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Мирлан Төрөмаматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ага 2010-2015-жылдар аралыгында Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен сүйлөшүп, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу мыйзамсыз токтом чыгарган деген айып коюлган. Ошол себептен 2018-жылдын 24-декабрында Исаков мандатын тапшырган.

Мамкаттоонун мурдагы башчысы Дастан Догоев кармалдыбы? УКМКнын жообу
Төрөмаматовдун айтымында, соттун чечими 14-май күнү чыккан. Өкүмгө ылайык, Исаков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө укугунан да үч жылга ажыратылды. Айыпкер сот залынан камакка алынган.

Соттун чечиминде ал жазасын кайсы абакта өткөрө тургандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Исаков менен кошо айыпталып жаткан Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына 5 жыл 6 ай жана айыл өкмөттүн жер боюнча эки адисине 5 жана 4 жыл жаза мөөнөтү берилди.

Белгилей кетсек, алгач Сузак райондук соту Исаковго коюлган "Коррупция" беренесин "Жер мыйзамдарын бузуу" беренесине которуп, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсүн, үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоону сураган.