БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кайдыгер эмес кыргызстандыктардан каражат чогултуу боюнча акция баштады (краудфандинг). Учурда 10 миллион сом керек болуп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Акция үчүн жумушчу топ түзүү пландалууда. Анын курамына Туризм департаментинин, турбизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Алар каражатты жана белгилердин туура орнотулушун көзөмөлгө алмакчы.
Каражат топтоо 18-майда башталып, 20-сентябрга чейин созулат.
"Акча чогулган сайын белгилер даярдала берет. Facebook социалдык тармагы аркылуу банктагы эсепке түшкөн каражаттын ар бир тыйынын жарыялап, сарпталышы боюнча отчёт берип турабыз. Бардыгы ачык-айкын болот", — дешти министрликтен.
Маалыматта эгер жолдорго белгилер орнотулса саякатчылар тез жана туура жол менен көздөгөн жерине жете алары белгиленди.
Каражатты кайда которууга болот:
Борбордук казына, каражат алуучу тарап — Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти.
БИК: 440001
Эсеп: 4402011103022720
Мындан сырткары, салым кошкусу келгендер Туризм департаментинин бухгалтериясына дагы алып барып берсе болот. Мекеме Киев көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан. Бухгалтерия саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.